Ала-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскерттиЧек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалдыКөпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайыАскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленет
Видео: Калың менен махрдын айырмасы барбы? Жооп
28.11.2023 | 18:43
Муфтияттын фатва бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бактияр Токтогазиев Reporter.kg’нин калың менен махрдын кандай айырмасы бар деген суроосуна жооп берди.
Токтогазиевдин пикири боюнча, махр менен калыңдын айырмасы жок. Анын айтымында, кээ бир аймактарда имамдар экөөнү эки бөлүп карайт. Бирок калың берилип жаткандан кийин махрды суроонун кереги жок деп эсептейт. Ошол эле учурда үйлөнүп жатканда жигит кызга акча же кандайдыр мүлктү сөзсүз бериши зарыл.
“Калың берилип жатат да, ошол махр деп эсептелиши керек. Берилген нерсени, жок ал берген жок деп кайра сураган туура болбой калат”, – дейт ал.
Ал бири кыргыз салтында, экинчиси – шариятта айтылганын, экөөнүн тең маңызы аялдын материалдык укугун коргоого багытталганын белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом