ИИМдин делегациясы Интерполдун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышты

ИИМдин делегациясы Интерполдун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышты

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жетектеген делегация Интерполдун Башкы ассамблеясынын 91-сессиясына жана уюмдун 100 жылдык мааракесине катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Венадагы Интерполдун Башкы Ассамблеясынын 91-сессиясы 1-декабрга чейин уланып, уюмга мүчө 190дон ашык өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери катышат.

«28-ноябрдан 1-декабрга чейин өтө турган төрт күндүк конференцияда дүйнө жүзүндөгү полиция башчылары учурдагы жана пайда болгон коркунучтарды, анын ичинде трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун олуттуу өсүшүн талкуулашат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ИИМдин түзүмүндө Интерполдун Улуттук борбордук бюросу 1997-жылдын 18-июлунда түзүлгөн.

«Интерпол эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биздин өлкөнүн укук коргоо органдарынын башка мамлекеттерден келген чет өлкөлүк кесиптештери менен маалымат алмашууну камсыз кылат.

Интерпол кылмышкерлерди издөөдөн тышкары, дайынсыз жоголгон адамдардын, уурдалган унаалардын, маданий мурастарга каршы кылмыштардын, каржылык жана киберкылмыштардын ордун аныктоо менен алектенет», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>