Кыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде алтын медаль тагындыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдө
Видео: Кочкордо эки чиновник УКМК кызматкерине пара берем деп кармалды
21.08.2023 | 10:25
Нарындын Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы (С.М.Т.) жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары (М.К.С.) УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин шектүүлөргө Кара-Суу айыл аймагында турак үй куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча иш ачылган. Алар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында УКМК кызматкерине 125 миң сом пара берүүгө аракет кылган.
Шектүүлөр облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом