30-августтан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

30-августтан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

Кыргызстанда 30-августтан тарта ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 21-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, жалпы коопсуздук иштери боюнча, анын ичинде 31-август — Эгемендик күнү, 1-сентябрь окуу жылынын башталышы, 10-сентябрдагы Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана башка маанилүү иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча онлайн кеңешме өткөргөн.

Онлайн режиминде өткөн жыйынга министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышкан.

Кеңешмеде министр Эгемендик күнүнө, 1-сентябрга жана 10-сентябрда өтө турган шайлоого карата милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, алдын алуу иштерин жүргүзүү, мыйзамсыздыкка жол бербөө боюнча кынтыксыз иш алып барышы керектигин айтып, милдетин так аткарбаган жетекчидерге тартиптик жаза берилерин эскерткен.

«Массалык маданий иш-чаралар болуп өтүүчү жерлерди Коомдук коопсуздук кызматы менен алдын ала такташып, тиешелүү мамлекеттик органдар, өзгөчө кырдаалдар, медицина бөлүмдөрү, жергиликтүү администрациялардын жетекчилери менен бирге иш алып барыңыздар. Кызматкерлердин тартибине, кийип жүргөн формасына, сырткы келбетине жана аткарган ишмердигинин ырааттуулугуна өзгөчө көңүл бурулсун», — деген министр.

Ошондой эле министр жакында эле УКМК тарабынан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча сөз кылган.

«Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мыйзам бузуп, кармалган ички иштер органдарынын айрым кызматкерлерине байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди так аткарбагандыгы, өздүк курам арасында жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн, айрым жетекчилер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алдык. Бул акыркы чечим эмес. Анткени, буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде «эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула» деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакынкы арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз. Кызматка жаңы дайындалган кесиптештерге тапшырма: кыска мөөнөттүн ичинде, баардык кемчиликтерди жеринде жоюп, алгылыктуу иш алып барыңыздар», — деди ал.

Милиционерлердин кармалышы боюнча кимдер жазаланды. ИИМдин жообу

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>