ВИДЕО — Оренбургдагы жол кырсыгынан төрт кыргыз жараны каза болду

ВИДЕО — Оренбургдагы жол кырсыгынан төрт кыргыз жараны каза болду

Орусия менен Казакстандын чек арасына жакын жердеги  Оренбург—Акбулак унаа жолундагы жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза болду. Аталган маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тастыктады.

Кырсык бүгүн, 8-декабрда эртең менен болгон.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, «Мерседес» жана «Форд Транзит» унаалары сүзүшкөн. Кырсыктан кийин овтоунаалар өрттөнүп кеткен.

Полиция кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгонун билдирген. Дагы 4 адам оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кыргызстандын элчилигинен билдиргендей, учурда Оренбургдагы консулдук кыргыз жарандарынын жакындарын издеп жатат. Жабыркаган 4 адамдын үчөө кыргыз жарандары.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>