Өткөндө самсаларын келемиш аралап жүргөн Бишкектеги «Рахат Лукум» кафесинде эми мышык жүрөт. Муну окуянын күбөлөрү видеого тартып, соцтармактарга чыгарды.
«Таза карашпайт экен. Кечээ чычкандар жүрсө, эми мышык келиптир», — дейт видеонун автору.
Эскерте кетсек, 3-июлда Жал кичирайонунда жайгашкан бул кафенин самсаларын келемиш аралап жүргөнү тартылган видео соцтармактарга чыккан. Бул окуядан кийин кафе санитардык бузууларды жойгонго чейин жабылган.
Жалдагы кафеде самсанын үстүндө жүргөн келемиштердин видеосу
Биздин Телеграм каналга катталыңыз