ИИМ: Мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 104 факты аныкталды

ИИМ: Мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 104 факты аныкталды

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы өлкө аймагында «Нелегал-Трафик» аталышында ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган иш-чара мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында 19-25-июнда уюштурулган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын миграция мыйзамын бузган жалпы 425 факты аныкталган.

Анын ичинен:

— Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 14 факты

— Кыргызстандын аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 160 факты

— Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 210 факты

— Чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 41 факты

Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузгандарга жалпы суммасы 2 млн 546 миң сомдон ашык айып пул салынган.

Андан сырткары, «Нелегал-Трафик» ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө эл аралык издөөдө жүргөн 1 адам кармалып, экстремизмге каршы күрөшүү багыты боюнча кылмыштын 13 фактысы, мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 5 факты аныкталып, 4 ок атуучу курал табылып алынган.

«Рейддин жүрүшүндө ачылган айрым кылмыш иштерине токтоло кетсек, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Германияга виза берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргызстандын 100 жаранынын акча каражаттарын тартып алган компаниянын биринин директору кармалган. Бул фактылар боюнча Кылмш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) жана 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон», — деп билдирет ИИМ.

Ошондой эле, ИИМдин  Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз миграция каналын уюштурган Пакистандын жарандарынын кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюлган.

«Пакистандын эки жараны материалдык пайда табууну көздөшүп, 2022-жылдын июлунан ушул күнгө чейин өздөрүнүн жасалма фирмаларын пайдаланып, Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жалган маалыматтарды берүү жолу менен  кызмат көрсөтүп келишкен», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>