Унаасынын үстүндө кой ташып бара жатканы видеого тартылып калган айдоочу табылып, ага айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, ага 1 миң сом айып пул салынган.
Ошондой эле, айдоочунун 31 миң сом төлөнбөгөн 11 айып пулу бар экенин аныкталып, унаасы айып аянтчага коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз