Таласта баңгизат менен кармалган төрт адам соттолду

Таласта баңгизат менен кармалган төрт адам соттолду

Талас облусунун Кара-Буура районунда баңгизатын ташыгандыгы үчүн кармалган төрт жаран 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Буура райондук сотунун 30-январдагы чечими менен, А.М.А. аттуу жаран 12 жылга эркинен ажыратылып, 1 млн сом айып салынган. Ал мурда УКМК кызматкерлерине пара катары сунуштаган 2 млн 745 миң сом жана 2 миң доллар мамлекеттик бюджетке алынган. Ошондой эле, К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. аттуу жарандар мүлктөрүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылган.

Белгилүү болгондой, аталган жарандар 2022-жылдын 3-февралында кыргыз-казак чек арасы аркылуу 3 капка салынган 11 килограммга жакын баңгизатты мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>