Казакстанда Викрам Рузахуновду кыйноого алган полиция кызматкерлерге өкүм чыкты

Казакстанда Викрам Рузахуновду кыйноого алган полиция кызматкерлерге өкүм чыкты

Казакстанда 2022-жылдагы январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду, аны менен бирге Казакстандын жана Өзбекстандын жарандарын кыйноого алган деп айыпталган 6 полиция кызматкерине соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

Сот полиция кызматкерлери Бауыржан Сопаков, Арман Шойбеков, Берик Абилбеков (Алматы полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары), Олжас Айдарханов, Серик Турпанов жана Нурсултан Хамитовду күнөөлүү деп таап, ар бирин 3 жылдан абакка кести.

Соттун өкүмүнө жабырлануучулардын жактоочулары нааразы болуп, экинчи инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди. Алар тергөө иштери чеки жүргөнүн, бул иш боюнча 44 киши гана жабырлануучу деп табылганын, бирок алардын саны 98 болгонун белгилешүүдө. Ошондой эле кыйноого катышкан башка полиция кызматкерлери аныкталган эмес.

Эскерте кетсек, 2022-жылы январда Казакстанда газдын кымбатташына каршы акциялар уюштурулуп, кийин Алматыда башаламандыктар болуп кеткен. Коңшу мамлекеттин бийлиги аны күч менен басып, өлкөдө башаламандык уюштуруу максатында чет жактан 20 миңдей террорист келгени айтылган.

Айыптоо актысына ылайык, 2022-жылы 7-январда чек ара аскерлеринин атайын кызматкерлери «башаламандыктардын катышуучуларын» кармоо боюнча операция жүргүзүп, Алматы – Бишкек жолунан Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын 100дөй жаранын кармаган. Алар Кошмамбет айылындагы камак жайына жеткирилип, адам чыдагыс кыйноого кабылган

Казакстандын улуттук телеканалдарынын биринде бети-башы көгала болуп шишиген Кыргызстандын жараны башаламандыкка катышкан адам катары көрсөтүлгөн. Ал жумушсуз экенин, акчага жалданып келип, Казакстанда башаламандыктарга катышыкмакчы болгонун айткан. Тасма чыккандан кийин кыргыз жаранын туугандары, тааныштары таанып, ал Кыргызстандагы белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экенин айтып чыгышкан. Коомчулуктун реакциясынан кийин Кыргызстандын бийлиги кийлигишип, Рузахунов бошотулуп, мекенине келген.

Башында Викрам Рузахунов кыйноого кабылганын ачыктаган эмес. Казакстандын полициясынын колунан кутулуш үчүн камерага чыгып сүйлөп, «тополончумуң» деп өзүн каралаганын гана айткан.

Кийинчерээк ал кыйноого кабылганы тууралуу ачык айтып чыкан.

Викрам Рузахуновдун окуясынан кийин Казакстандын бийлигинин «террористтер» тууралуу билдирүүсү суу кечпей калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>