Владимир Путин АКШнын башчысы Жо Байденди түз эфирге чакырды

Владимир Путин АКШнын башчысы Жо Байденди түз эфирге чакырды

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын башчысы Жо Байденди түз эфирде жолугууга чакырды. Эки өлкөнун лидерлери соңку ирет 26-январда Байдендин демилгеси менен сүйлөшкөн.

Путиндин айтымында, эки тараптуу кызматташтык тууралуу, стратегиялык туруктуулук жана аймактар аралык талаш-тартыштуу маселелерди да талкууласа болот.

“Мен биздин талкууну улантууну сунуштагым келет. Бирок бир шарт менен, биз онлайн режиминде түз эфирде сүйлөшөбүз. Менин оюмча, бул Орусиянын эли үчүн, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана башка көптөгөн өлкөлөр үчүн кызыктуу болмок ”, — деген Путин.

17-мартта Байден «ABC News» каналына берген маегинде журналисттин «Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарган. Ал орус бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракети үчүн жакын арада жооп бере турганын айткан эле.

АКШ администрациясы азырынча бул жолугушуу болорун так айта албай турганын билдирип, буга Жо Байдендин Жоржия штатына болгон иш-сапары себеп экенин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>