“Яндекс” Бишкектеги айдоочулардын нааразылыгы тууралуу үн катты

“Яндекс” Бишкектеги айдоочулардын нааразылыгы тууралуу үн катты

“Яндекс” Бишкек шаарындагы аталган такси кызматынын айдоочуларынын нааразылык акциясы боюнча «Репортерго» комментарий берди.

Анда айдоочулар “Яндекске” эч кандай талап менен кайрылышпаганын, нааразылык акциясы тууралуу интернеттен көрүшкөнү айтылат.

 “Иш таштоо жөнүндө социалдык тармактардан көрдүк, айдоочулар бизге эч кандай талап менен кайрылышкан эмес. Иш таштоого чогулган айдоочулардын бир нечесинин унааларынын номерин текшерип чыктык. Алар биздин кызматтын буйрутмаларын аткарышпайт. Сервис өзү кадимки режимде иштеп жатат, линиядагы айдоочулардын саны кадимки деңгээлде жана бул жумада буйрутмалардын саны мурдагыга салыштырмалуу өстү. Yandex.Taxi компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштей тургандыгын буга чейин бир нече жолу белгилеген”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, февраль айынын башынан бери “Яндекс” такси кызматынын айдоочулары “Яндекс кетсин” деген ураан менен бир нече нааразылык акциясын өткөрүштү.  Алар аталган компания айдоочулардан алына турган пайыздарды жогорулатып жибергенин жана Кыргызстандын казынасына эч кандай салык төлөбөстүгүн айтып анын өлкөдө ишин токтотуусун талап кылып жатышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>