Баткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңишти
Кыргызстандын 20 мамкызматкерин окутууга Япония 2,3 млн доллар бөлөт
13.06.2023 | 10:01
Япония Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин өз университеттеринде окутууга 2,4 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, Япония 324 миллион иен, же болжол менен 200 миллион сом, же 2 миллион 300 миң доллар өлчөмүндө грант бөлөт.
«2024-2026-жылдарга долбоордун алкагында 20 мамлекеттик кызматкерди Япониянын ЖОЖдоруна окууга жөнөтүү пландалууда. Анын 19у магистратурага, 1и докторантурага», – деди Аттокуров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом