Милиция 55 млн сомдук аткезчилик тамекилерди аныктады

Милиция 55 млн сомдук аткезчилик тамекилерди аныктады

ИИМдин ыкчам иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан, Бишкек шаарынын Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан кампаларда контрабандалык товарлар — акциздик маркасы жок ар кандай түрдөгү тамекилер сакталып турганы аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, товарлар борбор калаанын ар кайсы бөлүктөрүнө, анын ичинде “Берекет” соода борборуна сатуу үчүн ташылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) фактысынын негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында борбор калаада кылмышка шектүүлөрдү кармоо жана буюм далилдерди табуу боюнча ыкчам издөө иштери жүргүзүлдү. 55 миллион сомдук акциздик маркасы жок 550 миң тамеки салынган миңден ашык кутучалар табылып, алынган.

Учурда иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>