Бишкектин тургунунун 12 миллион сомцн алдоо жолу менен алган шектүү кармалдыОрусияда 49 адамды ташып бараткан Ан-24 учагы кыйрадыКыргызстанда жай мезгилинде электр керектөөнүн жаңы рекорду катталдыТүндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түшүп, каттам жабылдыКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтСадыр Жапаров Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту
Японияга Кыргызстандын туристтик потенциалы тааныштырылды
11.06.2025 | 18:56
2025-жылдын 10–15-июнунда Кыргызстанда Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү жана алдыңкы япониялык туроператорлор үчүн таанышуу туру өтүүдө.
Иш-чара Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу жана кыргыз-япон туризм кызматташтыгын өнүктүрүү максатында уюштурулду. Бул иш сапар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылы Японияга болгон расмий сапары учурунда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашууда.
Таанышуу турунун алкагында делегация Бишкек жана Ысык-Көл аймактарындагы туристтик объекттерге барып, кыргыз туроператорлору менен B2B жолугушууларды өткөрөт. Мындай аракеттер Япониядан келген туристтердин санын көбөйтүүгө жана эки өлкө ортосундагы ишкер байланышты чыңдоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар