Япониянын Яизу шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды

Япониянын Яизу шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды

26-июлда Тюбу аймагынын Айти, Фукуи, Гифу, Ишикава, Нагано, Шизуока, Тояма, Яманаси, Ниигата префектураларын камтыган Яизу шаарындагы Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, консулдукту Йотсухаши Мичинори жетектеди. Салтанаттын жүрүшүндө Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Йотсухащи Мичинорини кеңсесинин ачылышы менен куттуктап, консулдук патентти тапшырды.

Ачылыш азем элчи Эркинбек Осоевдин жана Япониянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эркинбек Осоев М. Йотсухащини куттуктап, Ардактуу консулдуктун эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле түп аймагында жашаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн жасаган иштеринин өзгөчө маанисин белгиледи.

Өз кезегинде консул М. Йотсухащи көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө толук көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында элчи Э.Осоев менен консул М.Йотсухащи Яизу шаарынын мэри Хиромичи Накано менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчии Ардактуу консулдуктун ачылышын белгилеп, билим берүү жана илим, инновация жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө, ишкердик, маданий байланыштарды чыңдоого жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө болгон умтулууларын белгиледи.

Яизу шаарынын мэри Хиромичи Нагано адам ресурстары жана жалпысынан эки тараптуу мамилелер жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн тыгыз кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>