Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир жана 500 миң сом берилди
Бүгүн, 24-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын март айында 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө белектерди тапшырды.
Маалым болгондой, үч эм төрөлгөн Жалал-Абад шаарынын тургуну Ойбек Ахмедов жана Фатима Исматовалардын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан батирлеринен 3 бөлмөлүү батирди кезексиз берүү сертификатын тапшырды.
Бул үй-бүлө өздөрүнүн жеке турак жайы жок болгондугуна байланыштуу ата-энесинин үйүндө, көпчүлүк болуп жашап келгенин айтат. Үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Камчыбек Ташиевге кайрылган жана кыска убакытта кайрылуусу кабыл алынган.
Учурда Ахмедовдордун жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөө уул, бири кыз.
[image_carousel source=”media: 216112,216111,216110,216109,216108,216106″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз