Ысык-Ата районунун Кең-Булун айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар Амирдин сөөгү табылды.
Ал Канттын аймагында жээкке агып чыгып калган.
Эскерте кетсек, Амир 19-август күнү көчөдө ойноп жүрүп жоголгон. Аны бир нече күн куткаруучулар жана ата-энесине көмөккө келген жарандар издешкен.
Атасы президент Садыр Жапаровдон уулун сөөгүн таап алуу үчүн каналдын суусун токтотуп турууну өтүнгөн.
Дайынсыз болуп жаткан үч жашар Амирдин ата-энеси Чүй каналындагы сууну токтотууну суранды