Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун майрам күндөрдөгү иш графиги
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери кайрылган бейтаптардын ден соолугуна байкоо жүргүзүүнү улантышууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы жылдык майрамдарда, тактап айтканда 31-декабрда, 1-2 жана 7-январда саат 08:00дөн 14:00гө чейин үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дежур дарыгерлер иштешет.
3-январдан баштап Бишкек шаарынын бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштей баштайт.
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:
– №1 ҮМБ – 0312 64 45 42;
– №2 ҮМБ – 0312 21 03 57;
– №3 ҮМБ – 0312 32 52 32;
– №4 ҮМБ – 0312 43 39 07;
– №5 ҮМБ – 0312 63 51 23;
– №6 ҮМБ – 0312 57 02 84;
– №7 ҮМБ – 0312 66 20 44;
– №8 ҮМБ – 0312 42 69 62;
– №9 ҮМБ – 0312 21 17 32;
– №10 ҮМБ – 0312 67 82 74;
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз