Ош: 75 жаштагы карыяны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Ош: 75 жаштагы карыяны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-декабрда саат 02:20да милицияга Кара-Суу районунун Киров айылындагы кароосуз калган турак жайда 70-75 жаштардагы жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, каза болгон адам Ош шаарынын 75 жаштагы С.А. аттуу тургуну экендигин аныктаган.

Маркумдун эмне себептен каза болгондугун аныктоо жана денесинде алган жаракаттарынын оордугун тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Андан кийин бул факт боюнча Кылмыш кодексинин  122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, 28-декабрь күнү шектүү катары Кара-Суу районунун 28 жаштагы Т. Ш. уулу аттуу тургуну кармалган.

«Кармалган жарандан далил буюм катары окуя болгон күнү кийип жүргөн, канга боёлгон кийимдери жана маркумдун денесине жарат келтирген кылмышка шектүүнүн колунун изи калган бышкан кыш алынды. Кылмышка шектүүгө карата Кара-Суу райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камака алуу чарасы тандалды. Кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>