«Үлүш жерди мамлекет алып коюшу мүмкүн». Депутат Жер кодексинин долбоорун сынга алды

«Үлүш жерди мамлекет алып коюшу мүмкүн». Депутат Жер кодексинин долбоорун сынга алды

Сунушталып жаткан жаңы Жер кодекси кабыл алынса, мамлекет жарандарга берилген үлүш жерлерди алып коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Аталган комитетте Жер кодексинин долбоору каралып жаткан. Талкуу учурунда депутат Жумабеков кодекстин долбооруна жарандардын үлүш жери тууралуу түшүнүк киргизилбегенин айтып, ал жерлер кайсы категорияга киргизилгенин сурады.

«Үлүш жер дегенге түшүнүк берилбептир. 90-жылдары айыл жергесинде ар бир жаранга 20, 30, 50 сотыхтан жер бөлүнгөн. Ошол тууралуу түшүнүк жазылбаптыр. Анда үлүш жерлер кайсы категорияга кирип калат? Бул жерлер жарандардын жеке менчиги болуп саналат», — деди ал.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү Жаныбай Дыйканов үлүш жерлер мурдагы реформа учурунда берилгенин, азыр жер үлүшкө берилбей турганын, мындан улам жаңы кодексттин долбоорунда ал түшүнүк камтылбаганын айтты.

«Өзүнүз билгендей, үлүш жерлер жер-агрардык реформа убагында бир жолу берилген. Бүгүнкү күнү үлүш жерлер берилбейт. Азыркы Жер кодексте үлүш жер ыйгарым укуктуу орган тарабынан акысыз берилген деп жазылган. Жаңы жагдайларды эске алып, бул жерлердин баары айыл чарба багытындагы жерлер болуп калды. Үлүш жер деген түшүнүк жок. Себеби алар акысыз берилген. Ошондуктан үлүш жери деп аталган. Бүгүнкү күнү үлүш жер берилбегендиктен, үлүш жер деген түшүнүктү алып койдук», — деди ал.

Жумабеков Дыйкановдун жообуна канааттанбай, суроосун кайталады.

«Мага акыл үйрөтөсүз да. Үлүш жер кандай берилгенин билем, аны үйрөтпөңүз. Так сурап жатам: бүгүн үлүш жери бар адамдардын жери кайсы категорияга кирип калат?», — деди ал.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү үлүш жерлер айыл чарба багытындагы жерге кирип каларын айтты.

Жумабеков үлүш жер боюнча түшүнүк жаңы Жер кодексинин долбооруна киргизилиши керектигин белгилеп, болбосо, эртең мамлекет жарандардын үлүш жерин алып коюшу мүмкүн экенин айтты.

«Сиздердин мыйзамда үлүш жер деген түшүнүк болбой жатат. Бар болсо, мага ошол беренени окуп бериңиз. Эгер жок болсо, ал түшүнүктү киргизиш керек. Үлүш жер ээлеринин көк китеби бар. Аны каякка алып барабыз? Аны жокко чыгарып, жалпы жерлердин катарына киргизип жатасыздар. Анда эртең мамлекет «биздин жер» деп алып коюшу мүмкүн», — деди ал.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү депутат Жумабековдун айткандарын эске алып, жер кодексинин долбооруна үлүш жер деген түшүнүктү киргизе тургандыгын билдирди.

Талкуудан кийин комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>