Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
“Манас” эл аралык аэропортунун коду (FRU) өзгөрүшү мүмкүн
18.06.2024 | 14:20
“Манас” эл аралык аэропортунун FRU аталышындагы кодун өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов билдирди.
Анын айтымында, бир жылдан бери бул жаатта аракеттер көрүлүп жатат.
“Бизге учуп келген бардык авиакомпаниялардан кодду өзгөртүү боюнча макулдугун алдык. Аны Аба транспорту эл аралык ассоциацияга (IATA) жөнөттүк. Алар карап жатышат”, – деди Данияр Бостонов.
Белгилей кетсек, FRU – “Манас” аэропортуна борбордун Фрунзе кезинде берилген код.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом