Адылбек Касымалиев ханзаада Рахим Ага Хан V менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкууладыЕАӨБ: Быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү 26,3%га кыскарды2026-жылы дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөтТойканаларда тойлор 22:00дө бүтө баштады: мыйзамдын автору эмне дейт?Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттү
“Ынтымак-2” сейил багында шаардыктар үчүн скейт-парктын курулушу башталды
21.03.2022 | 15:08
“Ынтымак-2” сейил багында шаардыктар үчүн скейт-парктын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көптөгөн жарандар эс алуу зонасында курулуш иштери башталганына тынчсызданууларын билдиришкен. Айрымдар бул жерде дагы бир турак-жай курулуп жатканын айтышты.
«Буга чейин муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы тарабынан «Ынтымак» паркынын аймагындагы жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылган. 1 гектар жер тилкеси «Ю-Ти-Ай Глобал» ЖЧКсынын жеке менчигинде болгон. Эми инвесторлордун колдоосу менен бул жерде коньки тебүүчүлөр үчүн атайын аймактар пайда болот. Мындай сейил бак борбордо биринчи жолу курулат», – деп белгилешти мэриядан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом