Жапаров: Кумтөргө мурун президенттер “крыша” болуп келген

Жапаров: Кумтөргө мурун президенттер “крыша” болуп келген

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан Нооруз майрамына карата уюшулган иш-чарада сүйлөп жатып Кумтөр маселесине токтоло кетти.

“Өткөн жылы Кумтөр долбоору боюнча чоң кадамдарга бардык. Кумтөр долбоору “Жашыл мурас” долбооруна түзмө-түз байланышат.  Кумтөргө мурун президенттер “крыша” болуп келген. Азыр баары өзгөрдү. Биз коркпой тобокелдикке барып, биринчи кадамды таштаганда эле Центерро кенди талаага таштап өлкөдөн чыгып кетти. Катастрофалык кесепеттерге, адам курмандыктарына алып келмек. Бирок, биз иштеп кеттик. Экинчи жагынан кыргыздар Кумтөр татаал, жогорку технологиялык өндүрүштү иштетип кете алабы деген бизге тушкөн чоң сыноо болчу. Кумтөр акыл эс менен жашоонун өз байлыгыбызга өзүбуз ээлик кылуу укугубуз менен күрөш. Биз аны иштетип кеттик. Бизде чоң ишенич дагы жаралды. Тышкы башкаруу киргени эсебинде болгону 48 миң доллар болсо жылдын аягында 220 миң доллар таза киреше менен чыкты. Алтын мындан ары буюрса, азыркы далилденден запасы 200 миң тонна, ал эми биздин адистер айтып жатышат дагы бир 200-300 тонна алтындын запасы бар. Ушунун баары кыргыз элине өттү. Кумтөр боюнча бизде бир нече мүмкүнчүлүк болгон, бирок, баарын колдон чыгарганбыз”- деди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>