Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду
Ыш маселеси: Депутат Бишкекти газга өткөрүп, эки жылдан кийин көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады
21.11.2024 | 10:34
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Бишкектеги ыш маселесин көтөрүп, эки жылдан кийин борбор калаада көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда парламенттин жыйынында айтты.
Ал Бишкектин чет жакасындагы от жагылган жер тамдар турган конуштарда дем алуу өтө кыйын болуп калганын белгиледи.
“Ыш биздин, балдарыбыздын ден соолугуна катуу таасир тийгизип жатат”, – дейт ал.
Абакиров “Кыргызгаздын” өкүлү Бишкекти 2026-жылга чейин толугу менен газ менен камсыз кыла тургандарын айтканын, борбор калаанын ар бир жерине газ өткөрүлүп калса, эки жылдан кийин көмүр жагууга тыюу салуу керектигин билдирди.
“Ушул жол менен гана абаны тазалай алабыз. Башка жол жок деп ойлойм”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом