Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Бишкекте жол кырсыгын жасап, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)
21.11.2024 | 11:20
Бишкекте жол кырсыгын жасап, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Окуя 27-октябрда саат 04:40та болгон. Ахунбаев менен бараткан айдоочу Курчатов көчөсүнө бурулуп жатып, жол жээкте турган Toyota Prius унаасын сүзгөн. Анын айынан Toyota Prius Mercedes-Benz W124, Volkswagen Sharan унааларына урунган. Натыйжада үч унаа жабыркаган. Ал эми жол кырсыгына күнөөкөр айдоочу качып кеткен.
Издөө иштеринин жыйынтыгында качып кеткен айдоочу кармалып, ал 24 жаштагы жаран (Т.К.) экени аныкталган.
Айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаасы айып короого коюлду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом