Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 10,2 сомго же 17%га кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Ушул жылдын башында дизелдик май республика боюнча орточо эсеп менен 58,75 сом болсо, 22-июлда анын баасы 68,99 сомго жеткен. Акыркы айда эле баа 4 сомго кымбаттады.