Гендерлик баланс: Кыргызстандагы 26 миңдей мамкызматкердин канчасы аял?

Гендерлик баланс: Кыргызстандагы 26 миңдей мамкызматкердин канчасы аял?

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 26 миңге жетет. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иши боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев мааламат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 16 миң 357си мамлекеттик, 9 миң 446сы муниципалдык кызматкерлер болуп саналат.

Мамлекеттик кызматкерлердин 6 миң 429ун аял кишилер түзөт. Ал эми мамлекеттик кызматта иштеген 28 жашка чейинки жаштардын саны 1 миң 604кө жетет. Ошондой эле бул тармакта 165 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран иштейт.

Ал эми муниципалдык кызматта иштеген 9 миң 446 кишинин 3 миң 281и аялдар. 28 жашка чейинки жаштардын саны 683кө жетет. Ошол эле учурда муниципалдык кызматта 203 майыптыгы бар адам эмгектенет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>