14-апрель күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылынын Ленин көчөсүндө “Mercedes-Benz Sprinter” жана “BMW” үлгүлөрүндөгү унаалар кагылышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, “BMW” үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган эркек кишини чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.