Ысык-Ата районунда 5 жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кеңеш айылында балык кармоочу жайында көлмөгө 2017-жылы туулган А. Ы аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштери жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылып, жогору аталган баланын жансыз денесин суудан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз