Ысык-Аталык Элзар Ниязалиев: Агамдын өлүмүнө эмне себеп болгонун билгим келет — видео

Ысык-Аталык Элзар Ниязалиев: Агамдын өлүмүнө эмне себеп болгонун билгим келет — видео

Ысык-Ата районунун Ичке суу айылынын 1979-жылы туулган Улан Ниязалиев ушул жылдын 7-декабрында каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби белгисиз болууда. Бул тууралуу маркумдун биртууган иниси Элзар Ниязалиев Reporter.kg’ге билдирип, агасынын өлүмүнө эмне себеп болгонун тергөөчүлөрдөн акыйкатуу карап берүүсүн суранган кайрылуу жасады.

Элзар Ниязалиевдин маалыматына ылайык, агасынын өлүмүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү карап жатат.

Маркумдун биртууганынын айтуусунда, агасы Кант шаарында ширеткич болуп иштеп жатканына бир апта эле болгон. Ал жакта тай эжелеринин үйүндө жатып иштечү. Агасына белгисиз адамдар чалып, Бишкекке чакырган.

«Эки жума мурда үйгө атама тергөөчүлөр келип «Улан Ниязалиев деген сиздин балаңызбы?» деп сурашыптыр. Ооба десе «балаңыз унаа урдап баратып, жол кырсыгына кабылды» дешиптир», — деди Элзар Ниязалиев.

Маркумдун иниси атасынан тергөөчүлөр чоң жерде иштеген тууганыңар барбы деп сураганын кошумчалады.

Окуянын чоо-жайын маркумдун биртууган иниси Элзар Ниязалиев толук баяндап берет.

Reporter.kg бул окуя тууралуу тиешелүү ички иштер органдарынын да пикирин берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>