Ысык-Көл менен Ош облустарында жер титирөө катталды

Ысык-Көл менен Ош облустарында жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-апрель күнү саат 17:21де Кытай аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Нура айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 25-апрель күнү саат 03:56да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында 5 балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында 4 балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында 3 балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>