Ысык-Көл облусунун губернатору базарлардагы ижара акылар боюнча жооп берди

Ысык-Көл облусунун губернатору базарлардагы ижара акылар боюнча жооп берди

Ысык-Көл облусундагы базарларда ижара ээлери иштебеген күндөрүнө ижара акыларын сурап жатканы боюнча маселе көтөрүшүп, бул  кандай чечилет? деген суроо салышкан. Буга Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жооп берди.

«Бүгүнкү күнгө чейин азык-түлүк базарларына эч кандай тыюу салынган эмес. Алардын ижара акыларын жеринде түз чечип алуулары шарт. Ал эми иштөөгө тыюу салынып, иштебей турган базарларда ижара акылары төлөнбөйт. Бул маселелер жергиликтүү бийлик жана мэрия тарабынан көзөмөлгө алынат», —  деди Осмоналиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>