Ысык-Көл жана Ош облустарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл жана Ош облустарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 19-мартта саат 20:56да Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Ачык-Суу жана Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилди.

Ысык-Көл облусунда  20-мартта саат 06:49да Тоң районунун Кажы-Саз, Кажы-Сай, Туура-Суу айылдарында 5 балл, Төрт-Гүл, Темир-Канат, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында 4, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Каро-Коо, Бар-Булак айылдарында 3, Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында үч баллга чейин сезилди.

Жабыркагандар катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>