Ысык-Көлдө 2 жашар наристени уурдап бара жаткан кыз кармалды

Ысык-Көлдө 2 жашар наристени уурдап бара жаткан кыз кармалды

Ысык-Көлдө 2 жашар наристени уурдап бара жаткан кыз кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-август күнү Бостери айылындагы милиция бөлүмүнө Чүй облусунун Селекция айылынын 34 жаштагы С.Ч. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал көл жээгиндеги “Борбор” эс алуу жайына караштуу аймактан эки жашар кызы жоголгонун айткан.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө наристе Бишкекти көздөй бара жаткан микроавтобустан табылган. Аны алып бара жаткан 19 жаштагы Бишкектик кыз кармалган. Ал кичине кызды көл жээгиндеги кумда кароосуз калган жеринен көрүп милиция бөлүмүно алып бара жатканын айткан. 

Бирок наристенин апасы менен шектүүнүн көрсөтмөлөрү эки башка чыгып, “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>