Ысык-Көлдө автоунаа бетон тосмону сүзүп, 1 адам каза болуп 2 адам ооруканга түштү

Ысык-Көлдө автоунаа бетон тосмону сүзүп, 1 адам каза болуп 2 адам ооруканга түштү

Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан 29 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 7-сентябрь күнү саат 04:47де Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында болгон. Анда  “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы 2 адам жаракат алып, 29 жаштагы бир адам каза тапкан.

Жаракат алган адамдар “Тез жардам” кызматы менен Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдын жансыз денесин куткаруучулар унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>