Ысык-Көлдө эки киши коронавирустан айыкты

Ысык-Көлдө эки киши коронавирустан айыкты

Түп районунда коронавирус аныкталган эки тургун айыкты. Бул маалыматты район акими Элчибек Жантаев тастыктаганын «turmush.kg» жазды.

Анын айтымында, Байзак айылынын 1981-жылы туулган тургуну менен Түп айылынын 1985-жылы туулган тургуну изолятордо дарыланып жатышкан. Алардан кайталанып анализ алынып, эки тургундун тең анализдеринин жыйынтыгы таза чыгып келген. Эми алар медициналык штабдын өкүлдөрү атайын кеӊешме өткөргөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылат.

«Райондогу эки жараныбыз Индияга дааватка барып келгенден кийин Бишкек шаарында 3 күн обсервацияда болуп, 25-мартта үйлөрүнө келишкен. Анан райондогу медицина кызматы бул жарандарды дароо обочолонгон жайга алып, алар менен байланыш түзгөн жарандар да жаткырылган. Алгачкы чыккан анализ терс болуп, эки жараныбыздан коронавирус табылган. Алар изолятордо дарыланышты. Кийинки анализдери Бишкек шаарынан таза чыгып келди. Жакын арада райондогу дарыгерлер кеңешме өткөрөт. Алардын чечими менен үйлөрүнө чыгарылат да, эки апталык үй карантинде болушат.

Эми районубуз таза бойдон сакталат деген ойдобуз. Азыркы тапта илдеттин алдын алуу иштери уланып жатат. Карантин мезгилине карабай, жазгы айдап-себүү иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү», — деди Жантаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>