«Ысык-Көлдө коронавирус чыкты» деп жалган маалымат тараткан адам кармалды

«Ысык-Көлдө коронавирус чыкты» деп жалган маалымат тараткан адам кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жалган маалымат тараткан адамды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталгандай, такси кызматында иштеген Мирбек Сыйдыев аттуу адам социалдык тармак аркылуу Ысык-көл областынын тургунунун дене табы жогорулап, коронавирус чыкты деген такталбаган маалымат тараткан.

Учурда Сыйдыев кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалпы элден кичирим сурады.

Учурда материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>