Ысык-Көлдөгү «Керемет суу» эс алуу жайы жабылды

Ысык-Көлдөгү «Керемет суу» эс алуу жайы жабылды

Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылындагы «Керемет суу» эс алуу жайы Жогорку соттун чечими менен жабылды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Мындай чечим 25-июлда чыкканын  айыл өкмөт башчысы Элдияр Эсенов маалымдады.

Анын айтымында, курулмалар жана бассейн турган жерди трансформация кылганда документтери туура эмес болуп калганы аныкталып, Жогорку сот “баштапкы калыбына келтирилсин” деген бүтүм чыгарган.

Эсенов кошумчалагандай, бассейндер турган жер мурда айыл чарба багытында болчу, 2004-жылы жашылдандыруу-көрктөндүрүү максатында деп 49 жылга ишкерге берилген.

«Керемет суунун» ээси Жалил Аширов соттун чечимин аткарып, учурда курулмаларды алдырып жатат. Анын белгилешинче, эс алуу жайы өз ишмердүүлүгүн башка жерде уланта берет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>