Ушул жылдын 9-сентябрь күнү кечке жуук экөө аракка мас болуп, кыжылдаша кетип бирин сабап атып өлтүрүп салган. Бул туурасында Ысык-Көл милициясы билдирүү таратты.
Маалыматта жазылгандай, Түп райондук орууканасынан, Түп айылынын бир үйлөрүнүн ичинен киши колдуу болуп европа улутундагы 40-45 жаштагы эркек адам каза тапканы боюнча маалымат келип, издөө дароо башталган.
Кылмыштын изи сууй электе, кылмышка шектүү Түп айылынын тургуну 48-жаштагы М.Т. кармалып, күнөөсүн мойнуна алган.
Түп милициясынын убактылуу кармоочу жайына камака алынды. Тергөө жүрүүдө.