Ысык-Көл: Калың жааган кардан улам ашуулар убактылуу жабылды

Ысык-Көл: Калың жааган кардан улам ашуулар убактылуу жабылды

24-мартта кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

24-марттан 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112- чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду.

-Чоң-Ашуу ашуусуна жааган кар калың болгондуктан унаа жол жабык. Тазалоо иштери аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу токтотулду.

-22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон — Ак-Шыйрак — Сөөк ашуусуна каттаган унаа жолунун 58-59-чакырымынын төрт тилкесинде 10 000 м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабык, тазалоо иштери жүрүүдө.

Түп районунун Түп – Кеген унаа жолуна кар калың жаагандыктан, жол эки тараптуу жабылган. Учурда тазалап жатышат.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар катталган жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылып, иш алып барууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>