Ысык-Көл облусунда Тянь-Шань карагайын кыйган жаран кармалды

10.02.2022 | 09:30

Каракол шаарындагы пилорамага Тянь-Шань карагайлары Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен алынып келингендиги тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери көрсөтүлгөн пилорамага барышкан. Пилораманын короосунан чындыгында алты кыркылган Тянь-Шань карагайлары табылган. Кыюуга уруксат кагаздары болгон эмес.

«Жогоруда аталган жүк ташуучу унаанын айдоочусу карагайлардын ээсин көрсөткөн. Ал Ак-Суу районунун Пионер айылынын 1994-жылы туулган тургуну Э.Р болуп чыкты», – деп билдирет басма сөз кызматы.

Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Scroll to Top