Ысык-Көлдө 40 күндүк дааватка келген жамааттар аныкталды  

19.07.2022 | 17:29

Ысык-Көл облусунда экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин маалыматына караганда, 16-июлда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы намазканада Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан “Имам Азам” медресесинин 8 окуучусу ушул жылдын 2-июлунан тарта 40 күндүк дааватка келишкени аныкталган.

Алар 2011-жылдын 13-сентябрдагы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын даават бөлүмүнүн иш жүргүзүү жобосунун 4-2-пунктунун талаптарына ылайык, өздөрү жашаган аймактардын ички иштер бөлүмдөрүнөн өздөрүнүн ишмердүүлүгүн тастыктаган аныктамаларын алышкан эмес.

Андан сырткары, 18-июлда Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы үйдө жайгашкан каттоого алынбаган “Умар-Фарух” намазканада 12 адамдан турган жаамат 40 күндүк дааватка келишкендиги аныкталган.

Андан сырткары Ысык-Көл РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы профилактикалык каттоосуна алынган диний экстремисттик уюмунун 28 мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 25 мечит жана намазкана текшерилди.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында республиканын башка аймактарынан келишкен 270 киши даават иштерин жүргүзүүдө. Алардын ичинен Ысык-Көл районунун аймагына 3 жаамат (28 киши) келишкен.

Ысык-Көл облусунун казыяты менен биргеликте аталган жарандарга алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аймактан сырткары жиберилди.

[image_carousel source=”media: 144565,144566,144567″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top