Ысык-Көлдө “Ала-Тоо Резорт” эс алуу комплексинин курулушу кызуу жүрүүдө
4-июлда президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев менен курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Жыргалаң” тоо курортундагы “Ала-Тоо Резорт” ири долбоорунун курулушу менен таанышышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жылына 2 миллионго жакын туристти кабыл алууга ылайыкташтырылып жаткан ири комплекстин 3Д форматындагы эскизи толук даярдалды.
“Долбоордун курулушунун ар бир этабы жана башкы пландык корректурасы Шаар куруу жана архитектура департаменти жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлүүдө. Учурда долбоордук иштер толугу менен аяктап курулуш иштери жүрүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган ири долбоор Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип учурда курулуш иштери жүрүп жатат.
[image_carousel source=”media: 225137,225135,225136″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]