Ысык-Көлдө асынган абалда табылып, ооруканада каза болгон окуучу кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 5-февралда болжол менен саат 12:40та аларга Жети-Өгүз райондук ооруканасынан билдирүү келип, анда 17 жаштагы кыз жипке асынып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү тууралуу кабарланган.
Аталган окуя боюнча териштирүү жүргөн. Милиция аныктагандай, окуя 5-февралда болжол менен саат 11:25те Барскоон айылындагы орто мектептин спорт (күрөш) залында болгон. Спорт залдагы турникке асынган абалда турган кызды дене тарбия мугалими тапкан. Мугалим тез арада жипти чечип, кызга жардам көрсөтүүгө аракет кылган. Окуя жерине мугалимдер жана тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Кыз Бишкек шаарындагы ооруканада которулган. Бирок 14-февралда көз жумган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.