Ысык-Көлдө генерал Жапар Шабировдун айкели ачылды – сүрөт
Милициянын генерал-майору Жапар Шабировдун айкели өзү туулган Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылында ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сарбагышев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев, Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов, Шабировдун туугандары, кесиптештери, коомчулуктун өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Салтанатта министрдин орун басары Урмамбетов катышуучуларды бул ачылыш менен куттуктап, милициянын генерал-майору Жапар Шабировдун эмгеги баа жеткис экенин белгиледи.
“Жапар Шабировдун Кыргыз милициясына сиңирген эмгеги баа жеткис, анын басып өткөн өмүр жолу, өлкөбүздөгү коомдук тартипти сактоодогу опол-тоодой эмгеги ар бирибиздин эсибизде. Кыргыз милициясынын генералы Жапар Шабировдун ишмердүүлүгү менен биз баарыбыз сыймыктанабыз, агабыздын жаркын элеси муундан-муунга өтүп, келечек жаштарга үлгү болуп кала бермекчи, анын ысымы кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, тубөлүккө өчпөйт”,-деди Октябрь Урмамбетов.
[image_carousel source=”media: 159864,159865,159866,159867,159868,159869″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз