Бишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптадыЖапаров Кадамжай районунун өнүгүү жыйынтыктары жана жаңы долбоорлор менен таанышты«Өзүң уурдаба жана башкаларга уурдатпа»: Жунушалиев КР президентинин талабын эске салдыЖапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке кактыБишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Токмокто жаранды 1 млн сомго алдап кеткен адам кармалды
14.10.2022 | 09:42
Токмок шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-сентябрда Токмок ШИИБне арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылып, ал июлдун аягында М.Л. аттуу жаран алдамчылык жол менен ишеничке кирип, баасы бир млн сомдон ашкан сатылуучу буюмдарын сактап берем деп, бирөк өзүнө алып койгонун билдирип, чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция тарабынан кылмышка шектелип М.Л. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал