Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу табылды – видео
Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу табылып, куткарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери экология өкүлдөрү менен биргеликте көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштерин жүргүзүүдө, Ысык-Көл районуна караштуу Кызыл-Өрүк айылынын көл ортосунда канаттары жараланган ак куу табылган.
[image_carousel source=”media: 153862,153861,153860,153859,153858″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
“Кызматкерлер ак кууну тез арада жээкке алып чыгып, Чүй облусунда жайгашкан «Бугу эне» жапайы жаныбарларын реабилитациалоо борборуна кайрылып, адистерге канаттууну ийгиликтүү өткөрүп беришкен”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз