Акжол баатыр! Президент дүйнө чемпионун куттуктады

Акжол баатыр! Президент дүйнө чемпионун куттуктады

Президент Садыр Жапаров грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон балбан Акжол Махмудовду (77 кг) куттуктады.

Президент куттуктоосунда Акжол Махмудовго ийгиликтерди каалаган.

«Азаматсың, Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес, жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок.

Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол баатыр!», — деп жазган өлкө башчы.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин алтынын утуп, дүйнө чемпиону болду. Ал финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп, аны 8:0 эсебинде жеңип алды.

Акжол Махмудов Кыргызстандын эгемендик тарыхында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону наамын алган биринчи спортчу болуп калды. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн балбандар күмүш жана коло байге утуп келишкен.

Ошол эле учурда кыз-келиндер, аны менен бирге кыргызстандык балбандардын ичинде күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу бул – Айсулуу Тыныбекова (62 кг). Ал Кыргызстандан чыккан биринчи дүйнө чемпиону гана болбостон, бул наамга эки ирет татыган. Ошондой эле былтыр 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болгон. Ал кыз-келиндер, анын ичинде кыргызстандык балбандар арасында дүйнө биринчилигин жеңип, алтын тагынган экинчи балбан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>