Ысык-Көлдө кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды

Ысык-Көлдө кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 12-апрель күнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын жанындагы талаага рейд жүргүзүп жаткан учурда, Тору-Айгыр айылынын 34 жаштагы тургунунун башкаруусундагы  «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 12 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, ошондой эле атылган 2 кыргоол табылып алынган. Кармалган С.Н. аттуу жаранда ок атуучу куралга уруксат берүүчү документтер жок болгон.

Аталган факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди. Ал эми, алынган ок атуучу куралдын ар кандай кылмыштарга катыштыгы бар, же жогун тастыктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.

Туристтик-экологиялык милициясы маалымдагандай, өкмөттүн 2015-жылындагы «Кыргызстандын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, кыргоолго аӊчылык кылуунун мөөнөтү — өтүп жаткан жылдын октябрь айынын биринчи ишембисинен декабрь айынын экинчи жекшембисине чейин өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>